У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскул Зулушев: Курулуш компаниялар менен ишкерлерди Баткендеги жарандарыбызга үй куруп берүүгө чакырам


 Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: “Мекенди алып кетүүгө болбойт, болгону кусалыгын гана алып кетүүгө болот. Эгерде мекенди кап сыяктуу ташып жүрүүгө болгондо, анда анын кадыры түккө да турбайт болчу” деп тегин жерден айтпаса керек.  Ошондуктан Ата-Журттун ар бир ташы ыйык. Ал эми мекен бул чек арадан башталат.
 
Бүгүн Баткенибиз алсырап турганда мен Кыргызстандын жаранымын деген ар бир атуул четте карап турганга акысы жок. Тамчыдан көл куралат. Ошондуктан бардык курулуш компанияларды, ишкерлерди Баткен коогасында жабыр тарткан, үй-жайсыз калган жарандарыбызга Жараткандын ыраазычылыгы үчүн, улуттун намысы үчүн турак –жай менен камсыз кылууга чакырам.
 
Ошондой эле мен өзүм да “Ырыс Ордо” курулуш компаниясынын башкы директору катары эл өзү тандап сунуштаган эки үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылуу жоопкерчилигин мойнума алам жана болуп өткөн окуяга кайдыгер карабаган ишкерлерден бул демилгени колго алып, улантышын суранам.
 
P.S: Рыскул Зулушев азыркы учурда Баткен жергесинде жабыркаган элге гумжардам таркатып жүрөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter